Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 19-сентябрында саат 23:10 Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин самолету «Манас» эл аралык аэропортуна келип конду.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тозуп алды.

 «Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди расмий тозуп алуу аземи өттү.

Сапардын алкагында энергетика тармагында, аскердик-техникалык жана каржы-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

2012-жыл 19-сентябрь