Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 20-сентябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путинге Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сизди Кыргызстанда көргөнүмө кубанычтамын. Россия биздин башкы стратегиялык өнөктөшүбүз деп эсептейбиз,” – деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин чакырууга ыраазычылык билдирип, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер өзгөрүлбөс жакшы жана позитивдүү болгон деп белгиледи.

“Сиз ишке ашырууга сунуштаган пландар документтер менен бекимделип, катуу иштейбиз,” -  деп белгиледи Владимир Путин.

2012-жыл 20-сентябрь