Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2012-жылдын 20-сентябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Тактап айтканда төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;

- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карыздарын жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтү ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушу жана эксплуатациясы жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы Камбарата ГЭС-1 курулушу жана эксплуатациясы жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен россиялык аскер базасынын статусу жана жайгашуу шарттары жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен россиялык аскер базасынын статусу жана жайгашуу шарттары жөнүндө макулдашуу күчүнѳ киргенге чейин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы аскердик тармагындагы кызматташуусу жөнүндө протокол;

Биргелешкен документтерге кол коюлгандан кийин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, кабарчылардын суроолоруна жооп беришти.

2012-жыл 20-сентябрь