Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путиндин расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 20-сентябрында, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

“Бүгүнкү сапар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы достук, кызматташтык жана эки тараптуу жардам жөнүндө Келишимдин 20 жылдык мааракесинин тушунда өтүп жатканы жакшы жышаан. Биз бүгүн маанилүү документтерге кол коёбуз деп ишенем,” – деп  белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ѳз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин “Алдыда көп иштерди аткарууга тийишпиз. Биз жолугушканыбызга жана маселелердин конструктивдүү талкууланышына кубанычтабыз. Менимче  жагдай жакшы жагына жылып баратат”,- деп белгиледи.

2012-жыл 20-сентябрь