Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновду «Данакер» ордени менен сыйлады

Бүгүн, 2012-жылдын 20-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновго Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого жана соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Данакер» орденин тапшырды.

 

2012-жыл 20-сентябрь