Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотту

Бүгүн, 2012-жылдын 21-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык,Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына кайра шайлангандыгына байланыштуу төмөнкүлөр 2012-жылдын
13-сентябрынан баштап:

Акыев Арзыбек – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Бокоев Каныбек Абдираевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Боронбаева Дильфуза Салимовна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Байзулаева Жаухарат Хажимуратовна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Бактыгулов Бусурманкул - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Джумашов Кабылбек Огонбаевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарынын  ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Исаков Абиджан Исакович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Исакова Жамалкан Мажитовна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Мельникова Маргарита Павловна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Сатыбалдиева Нургуль Айыповна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Темирбеков Лепес - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Уметалиева Галина Дюшекеевна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облустук  сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2012-жыл 21-сентябрь