Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын Президенти Барак Обамага Сэнди Хук мектебиндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2012-жылдын 17-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага Сэнди Хук башталгыч мектебиндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.
 
Көңүл айтууда мындай деп жазылган:

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сэнди Хук башталгыч мектебиндеги окуучулардын жана кызматкерлердин трагедиялуу өлүмүнөн улам улуттук аза күтүүгө байланыштуу чын дилден кайгырып, терең көңүл айтам”

2012-жыл 17-декабрь