Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарганы жөнүндө Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2012-жыл 18-декабрь