Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду 2012-жылдын 25-ноябрына дайындады

Бүгүн, 2012-жылдын 24-сентябрында, Кыргыз Респбликасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. 

Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор жекшембиге, 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурууга милдеттендирилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлүү;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү милдети тагылды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана шаарлардын мэрлери тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин калыпка салууга, тактоого жана түзүүгө жана шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 24-сентябрь