Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Соттук реформа боюнча Кеңешти түзүү тууралуу буйрукка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңешти түзүү тууралуу буйрукка кол койду.

Соттук реформаны жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын, соттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын макулдашылган иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңеш төмөнкүдөй курамда түзүлдү:

Атамбаев Алмазбек Шаршенович     -   Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;

Нарымбаев Данияр Ильич                 -   Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

Туманов Токтогул Туманович           -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
              
Алымбеков Эркинбек Жумабаевич     -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдуулук мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
   
Текебаев Өмүрбек Чиркешович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Осмонов Курманбек Эргешович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата Журт” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Скрипкина Галина Анатольевна    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “КСДП” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Шайназаров Тынчтык Ураймович  -   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Республика” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Мамытов Токтокүчүк Болотбекович    -   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Жамашева Феруза Зулумбековна    - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Салянова Аида Жеңишбековна    -    Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Айжигитов Дастанбай Абдирашитович    -    Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Майчиев Шамарал Юсупович    -    Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исмаилов Анарбек Касымович    -    Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Лаврова Ольга Владимировна    -    Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович    -    Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Мамыров Эркинбек Тобокелович    -    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Бокоев Жаныбек Абдраевич          -     Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетине караштуу Юридикалык институттун директору;

Кожомова Гүлниза Кожомовна    -        Кыргыз Республикасынын адвокаттар союзунун башкармасынын төрагасы;

Өмүралиев Табалды Дүйшөнбекович    - Кыргызстан юристтер ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү;

Сыдыкова Лейла Чинтургановна          -  Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин окуу бөлүгү боюнча проректору;

Керезбеков Канат Керезбекович    -    Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору;

Жолдубаева Индира Ырысбаевна    -    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы.

2012-жыл 25-сентябрь