Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

2012-жылдын 29-сентябрында Анкара шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулап, өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда эки мамлекеттин ортосундагы мамилени чыңдоодо мындан аркы жасалган кадамдардын маанисин белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө Түркия өкмөтүнүн көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн Түркиянын Премьер-министрине ыраазычылык билдирди.

2012-жылдын 30-сентябрында, Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын Вице-премьер-министри Али Бабаджан менен жолугушуп, Кыргызстанга 100 миллион АКШ долларын жеңилдетилген кредит түрүндө бөлүү тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулады.

Алмазбек Атамбаев Түркиянын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 2012-жылдын 30-сентябрында Анкара шаарында өткөрүлүп жаткан “Справедливость и развитие” башкаруучу партиясынын башкы конгрессине катышты. Египеттин Президенти Мухаммед Мурси, Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер катышкан конгрессте Алмазбек Атамбаев боордош эки өлкөнүн ортосунда ыкчам өнүгүп жаткан кызматташуу тууралуу белгиледи.

2012-жыл 1-октябрь