Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Карыялардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

“Урматтуу аталар жана апалар! Ардактуу карыялар!

Терең таазим кылып, сиздерди Карыялардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Карысы бардын – ырысы бар, дейт элибизде. Сиздер мамлекетибиздин кутусуңар. Анткени өмүрүңүздөрдү мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө, жаркын келечегин курууга жумшагансыздар. Элибиз, жерибиз деп бардык кыйынчылыктарга чыдадыңыздар.

Сиздер бардык сый-урматка татыктуусуздар, бактылуу карылыкта жашоого акылуусуздар. Ардагерлерибизге дөөлөттүү карылыкты камсыздап, бакубат жашоого шарт түзүп берүү биздин милдетибиз.

Келечекте Сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү максат кылып иштеп жатабыз. Кудай буйруса ал тилегибизди ишке ашырабыз.

Бар болуңуздар, ардактуу аталар жана апалар! Ден соолукта болуп, жакшылыктарды көрүп, көп жашап, аман болуңуздар!”

2012-жыл 1-октябрь