Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев, республиканын Башкы прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 4-октябрында,  Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев, республиканын Башкы прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчилери Президентке республиканын борборунун «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы 2012-жылдын 3-октябрындагы окуяларды иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти. 

Президентке митингдин уюштуруучулары жана андан кийин болгон бийликти күч менен басып алуу аракетине карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдашты.

Укук коргоо органдары тарабынан тергөө мыйзамдын чегинде гана өтүш керектигин мамлекет башчы белгиледи. “Эгерде кимдир бирөө мыйзам бузса, ал мыйзамга ылайык жооп бериш керек. Баардыгы мыйзамга ылайык болуш керек,” – деп белгиледи мамлекет башчысы.

2012-жыл 4-октябрь