Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 5-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев республикабыздын педагогдорун кесиптик майрамы –Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Ардактуу мугалимдер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Мугалимдер күнү менен чын  жүрөктөн куттуктайм.
Мугалим – дүйнөдөгү эң ардактуу кесип. “Мугалим” деген сөз ар бир адамда ыраазычылык, сый-урмат сезимдерин  жаратат.

Тарыхыбыздын эң татаал мезгилинде Сиздер ишти таштап кетпей, мугалимдик кесипти аркалап келдиңиздер. Турмуш оорчулугун  сабырдуулук менен жеңип, жаш кыргызстандыктарга билим, тарбия берүүгө болгон күч-аракетти жумшадыңыздар.
Сиздер Кыргызстандын келечеги үчүн өмүрүңөрдү арнадыңыздар!

Эми урпактарыбыз сыймыктангыдай мамлекетти биргеликте кура турган мезгил келди.
Кудай буйруса, мамлекетибиз бутуна бекем туруп, сиздердин эмгегиңиздердин акыбетин кайтарат. Жакынкы арада Кыргызстанда мугалимдер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт деп терең ишенем. Эми урпактарыбыз сыймыктангыдай мамлекетти биргеликте кура турган мезгил келди.

Урматтуу мугалимдер! Ушул жаркын майрам күнү Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, ардактуу ишиңиздерге ийгилик каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык, ынтымак болсун!”

2012-жыл 5-октябрь