Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УЕФАнын президенти Мишель Платинини кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 9-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) президенти Мишель Платини менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргызстанда футболдун ѳнүгүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда футболго, спортко кызыкчылыктын ѳсүп жаткандыгы тууралу белгиледи. “Сиз футболдун тирүү легендасысыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Мен Кыргызстанда биринчи ирет болгонума абдан кубанычтамын. Биз Кыргызстандын футбол боюнча улуттук федерациясына техникалык камсыз кылуу жана окутуу боюнча жардам берүүгө даярбыз,” – деди Мишель Платини.

2012-жыл 9-октябрь