Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 9-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондусунун миссиясынын башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү максатын көздөгөн Эл аралык валюта фонду менен кызматташуунун өнүгүүсүнө канааттануусун  билдирди.

2012-жыл 9-октябрь