Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусундагы «Самат» подстанциясынын ачылышына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 11-октябрында, жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Лейлек районундагы «Самат» подстанциясынын ачылышына катышты.

 “Подстанциянын ишке киргизилиши – чоң майрам, бул биздин энергетикалык эркиндикке реалдуу кадамдар. Бул долбоор Лейлек үчүн гана эмес, бүткүл өлкө үчүн маанилүү. Жакынкы 2-3 жылда биз чыныгы энергетикалык жактан көз карандысыз болобуз” – белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Президент айдын аягында «РусГидро» россиялык компаниясы менен бирге Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын жана Камбарата ГЭС-1 курула турган жерге капсула коюларын белгиледи.

Подстанциянын ачылышынын аземи бүткөндөн кийин Президент Баткен шаарына жөнөп кетти.

2012-жыл 11-октябрь