Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен шаарындагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 11-октябрында, жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен шаарындагы жаңы мектептин ачылышына катышты.

Мугалимдерге кайрылып жатып, мамлекет башчысы тарыхыбыздын эң татаал мезгилинде, ишти таштап кетпей, мугалимдик кесипти аркалап, турмуш оорчулугун сабырдуулук менен жеңип, балдарыбызга билим, тарбия берүүгө болгон күч-аракеттерин жумшаган үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы 3-4 жылда мамлекетибиз бутуна бекем туруп, мугалимдин эмгегинин акыбетин кайтараарын белгиледи.

Президент мугалимдерге окуучуларга аяр мамиле кылууну өзгөчө белгиледи, анткени жаш балдардын келечектеги тагдыры алардын мамилесине жараша болот.

“Жаңы мектепке балдар майрамга катары келишин каалайм. Илим менен бир саат алек болуу бир түн дуба окуу менен барабар. Окуу менен жашоодо баардыгына жетсе болот” - деди Алмазбек Атамбаев.

Аягында мамлекет башчысы мектепке техника жана китептер түрүндөгү белектерди тапшырды.

2012-жыл 11-октябрь