Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 12-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Бул сот реформасынын алкагындагы негизги маселелерди чечүү боюнча талкуу түрүндө өткөрүлгөн Кеңештин биринчи жыйыны.

Кеңештин жыйынында мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин өкүлдөрү тарабынан сот системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле Башкы прокурор, адвокатуранын жана илимий юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү талкууга активдүү катышты.

Отурумдун жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен 2012-2014 жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын реформалоо боюнча аракеттенүүнүн Планы бекитилди.

Ошондой эле сот системасын реформалоого байланышкан мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, Кеңештин мүчөлөрүнүн пикири боюнча аларга тажрыйбалуу юристтер практиктер, судьялар, илимпоздор жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кириш керек.

Кеңеш жөнүндө жобого ылайык, сот реформасы боюнча Кеңештин жыйындары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт, бирок Кеңештин мүчөлөрү жана төрагалык кылуучу жогоруда айтылган Планды ишке ашырууга макулдашылган иш аракеттерди кылуу үчүн Кеңештин жыйындарын  ырааттуу өткөрүү жөнүндө бир пикирге келишти.

Кеңештин кийинки жыйынын ушул жылдын ноябрынын биринчи жарымында өткөрүү пландаштырылды.

2012-жыл 12-октябрь