Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынын бошотту

Бүгүн, 2012-жылдын 12-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Базарбаев Адил Анарбаевичти өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Сартов Анарбек өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2012-жыл 12-октябрь