Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Максим Бакиев камакка алынды

2012-жылдын 12-октябрында, Лондон шаарында кыргыз жана америкалык тараптарынын талабы боюнча Улуу Британиянын укук коргоо органдары оор кылмыш жасаган үчүн Бакиев Максим Курманбекович камакка алынды.

Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосунда экстрадиция жөнүндө макулдашуу болбогондуктан, азыркы учурда британиялык тарап Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо маселесин кароодо. АКШнын мыйзамдарына ылайык Максим Бакиевге күнөөгө коюлган кылмыштар үчүн узак мөөнөттөгү эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.

2012-жыл 12-октябрь