Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти менен Премьер-министри кезектеги жолугушууда бюджеттин аткарылышы жана энергетикалык сектордогу абал тууралуу маселелерди талкуулашты

Бүгүн, 2012-жылдын 17-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы менен Премьер-министр аяктап бара жаткан жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маселелерди  талкуулашты. Ошондой эле кыш мезгилинде калкты электр энергиясы  жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев келип чыгып жаткан курч маселелерди оперативдүү жана өз мезгилинде чечүү керек экендигин, кышкы суукта калк кыйынчылыктарга дуушар болбошу үчүн энергосистемада ички мүмкүнчүлүктөрдү табуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошону менен бирге, калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда  энергокомпаниялардын жана жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Премьер-министр Жантоөрө Сатыбалдиев коңшу  республикалар менен газды мурдагы көлөмдө поставкалоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдады. Андан тышкары, Премьер-министр жер-жерлерде кышка карата начар даярдык көргөн энергокомпаниялардын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралып жаткандыгын кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-декабрь