Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына Социалдык фонддун азыркы ишмердүүлүгү жана жакынкы убакытка иш пландар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасындагы пенсиялык системасын реформалоо маселелери талкууланды.

2012-жыл 22-октябрь