Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуу учурунда 2012-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маселелер талкууланды.

Өлкөнүн Президентине быйылкы жылдын бюджетинин дефицитин азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

2012-жыл 23-октябрь