Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты - 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо чараларын мыйзам тарабынан бекемдөө.

Аталган максаттарга ылайык Мыйзамда укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуучу максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашыруу менен курман болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу каралган.

Курман болгондордун балдарына 37 эсептешүү көрсөткүчүндөгү ар бир айлык социалдык пособиени бекитүү, билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү, мыйзамда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын биринчи кезекте алуу жана Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз текшерип кароого жана медициналык жардам көрсөтүү каралган.

Жабыр тарткан адамдарга Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медициналык жактан тейлөө жана жеңилдетилген медикаментоздук камсыз кылуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативалуу кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын биринчи кезекте алуу жана социалдык коргоонун башка чаралары каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 23-октябрь