Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы - Дипломатиялык кызматкерлердин күнү менен куттуктады.
 
Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Дипломатиялык кызматкерлердин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дипломатиялык кызмат – бул өзгөчө шык-жөндөмдү талап кылат. Атуулдук жана кесипкөйлүк, ар дайым билимге умтулуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү, демилгелүүлүк, принципиалдуулук, терең ой жүгүртө билүү жана ар тараптуу  кругозор, мезгил менен кадамдаш алга умтулуу жана активдүү турмуштук позиция – биздин өлкөнүн атынан иш алып барган ар бир дипломатты айырмалап туруучу өзгөчө касиет. 

Бүгүн биз Сиздер менен татаал сыноолорду басып өткөн Кыргызстандын азыркы тарыхындагы жаңы барактарды ачып жатабыз. Ушул шартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлүк мекемелердин ар бир кызматкеринин алдында тышкы саясый багытта натыйжалуу, өз убагында жана так жүргүзүлө турган стратегиялык милдеттер турат. Кыргыз Республикасынын  Шанхай Кызматташуу Уюмунда жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешиндеги азыркы, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмундагы келерки төрагалыгы мезгилинде Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер өзгөчө мааниге ээ болот. Жогорку деңгээлдеги көп сандаган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү  Тышкы иштер министрлигинин жамаатынан ырааттуу иштөөнү жана республиканын бардык мамлекеттик органдарынын ишин так координациялоону талап кылат.

Урматтуу  дипломаттар,

Биздин өлкөнүн улуттук таламдарын коргоодо ар дайым кыраакы болуу менен Сиздер мындан ары да чын дилиңерден иштеп, тышкы саясый жаңы ийгиликтерге жетишип жана өзүңүздөрдүн бай тажрыйбаңыздарды дипломатиялык кызматкерлердин кийинки муундарына өткөрүп бересиздер деп ишенем.

Сиздерге, Сиздердин жакындарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, бакубаттык, чаалыбакпас күч-кайрат жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүүсүндө жаңы ийгиликтерди каалайм.”

2012-жыл 24-октябрь