Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Ыйык Курман айт майрамы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Илгертеден элибизде Курман айт таза ниет, ак тилектер менен коштолуп келген. Курман айт бизди ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана сабырдуулукка үндөйт.

Ушул күнү бардык мусулмандар ата-бабаларды эскерип, келечекке ниет кылып, Жаратканга үмүт-тилектери менен кайрылышат.   

Ушул ыйык күндөрдө ылайым Алла-таалам мекендештерибиздин ак тилектерин кабыл кылсын! Кыргызстаныбыздын жолун ачсын! Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең уяласын!

Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Ар бир үй-бүлөдө ынтымак болсун! Кыргызстаныбызда тынчтык жана биримдик орносун!”

2012-жыл 25-октябрь