Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына Мамлекеттик салык кызматынын иши жана жакынкы убакытка иш пландар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев бюджетти аткаруу максатында салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

2012-жыл 25-октябрь