Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

“Улуу урматтуу!

Казакстан элинин атынын жана өзүмдүн атынан чын дилимден Курман айт ыйык майрамы менен куттуктайм.

Улуу урматтуу, ушул майрамда эң жакшы каалоолор менен бирге, Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, бир тууган кыргыз элине – өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалайм.

Баардык мусулмандардын ушул ыйык майрамы элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдеп, ар бир үй-бүлөгө молчулук алып келсин.

Эң жакшы каалоолор менен,

Нурсултан Назарбаев”

2012-жыл 25-октябрь