Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

 Сизди Жараткандын батасын алган жана дүйнө мусулмандарынын жаркын Курман айт - Иди Курбон (Ид-Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул ыйык майрам кайрымдуулук, боорукерлик жана адамдарды кадырлап- барктоо менен коштолот. Анын гуманисттик идеалдары исламдын салттары адилеттиктин, тынчтыктын жана жакын адамы тууралуу камкордук көрүүнүн түбөлүктүү баалуулуктарына негизденээрин эскертет.

Мына ушул жаркын күндөрү Жараткандан бардыгыбызга ден соолук жана бакыт-таалай, ийгилик жана бакубатчылык, ырайымдуулук жана жыргалчылык тартууласын деп тилейм!”

2012-жыл 25-октябрь