Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Жогорку мартабалуу, урматтуу Президент мырза,

 Ыйык Курман айт майрамына байланыштуу Сизге, Улуу урматтуу, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду узатам.

Учурдан пайдаланып, мына ушул кубанычтуу майрамда Сизге чың ден соолук, боордош кыргыз элине түбөлүк тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”

2012-жыл 25-октябрь