Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады.
 
Куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:
 
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
 
Сизди жана сиздин өлкөңүздүн бардык мусулмандарын өзүмдүн жана азербайжан элинин атынан гумандык жана моралдык зор баалуулуктарды камтыган ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
 
Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү каалайм”.

2012-жыл 25-октябрь