Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

“Улуу урматтуу, Сизди «Иъйд ал-Адха» (Курбан байрамы) майрамы менен куттуктоо мен үчүн абдан жагымдуу. Сизге чын дилимен жакшы каалоолорумду жолдойм. Жараткан Алла-Тааламдан ушул майрам Сизге бакыт-таалай, чың ден соолук, боордош элиңизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү, ислам элдерине даңк жана улуулук алып келишин тилейм”.

2012-жыл 25-октябрь