Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Олег Тарбинский Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Тарбинский Олег Станиславовичти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Болотбаев Асылбек Аскарбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду.

2012-жыл 25-октябрь