Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Махмуд Ахмадинежад Президент Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 25-октябрында, Иран Ислам Республикасынын Президенти Махмуд Ахмадинежад Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
 
Куттуктоодо мындай деп белгиленет:
 
“Улуу урматтуу, Сизди, Өкмөттү жана Кыргыз Республикасынын мусулман элин Кудайга берилгендиктин жана ага таазим кылуунун эң мыкты көрүнүшү болгон ыйык Курман айт майрамынын башталышы менен жарык маанайда куттуктайм.
 
Мына ушул Улуу майрамдын алдында жана Кудайдын Пайгамбарларынын окууларынын аркасы менен элдер ортосунда, айрыкча мусулман элдеринин арасында достук мамиленин улам чыңдалып бара жаткандыгына, стабилдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн, туруктуу тынчтыктын орношуна жана коопсуздуктун чыңдалышына, ошондой эле дүйнө жүзүндө басмырлоонун жана дискриминациялоонун жоюлушуна күбө болобуз деп үмүттөнөм.
 
Жараткандан Сизге, Улуу урматтуу, чың ден соолук, ал эми Кыргыз Республикасынын элине жана Өкмөтүнө бакыт-таалай жана гүлдөп өнүгүү ыроолосун деп тилейм”

2012-жыл 25-октябрь