Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жогорку-Нарын ГЭСтердин каскадынын курула турган жерге капсула коюлду

Бүгүн, 2012-жылдын 27-октябрында, жумушчу сапардын алкагында мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жогорку-Нарын ГЭСтердин каскадынын курулушуна капсула коюу аземине катышты.

Капсула коюу аземине «РусГидро» ААК башкармасынын тѳрагасы Евгений Дод баштаган россиялык делегация катышты.

Салтанаттуу аземде Президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу меймандар!

Бүгүн биз бардыгыбыз улуу Теңир - Тоо жергесинде маанилүү окуяга күбө болуп отурабыз. Бүгүн Жогорку-Нарын ГЭСтердин каскадын куруу долбоорун баштап жатабыз. Бул окуя Кыргызстандын экономикасы жана жалпы элибиздин келечеги үчүн зор мааниге ээ экендиги шексиз.

Өткөн кылымдын экинчи бөлүгүңдө ата-бабаларыбыздын маңдай тери менен Кыргызстанда энергетика тармагы түптөлгөн.

Азыркы заманда кайсы мамлекет болбосун, энергетикалык көз карандысыздыгы тагдырды чечүүчү шартка айланды. Тилекке каршы көп учурда өлкөбүздүн көз карандысыздыгы кагаз түрүндө гана болуп келген. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 21 жыл болгону менен, энергетика тармагында чыныгы көз карандысыздыкка эми гана жол ачып жатабыз. Биздин алдыбызда, Кудай берген байлыктарды туура колдонуп, мекенибиздин жаркын келечегин куруу милдети турат.

Бүгүн россиялык өнөктөштөрүбүз менен бирдикте Жогорку-Нарын ГЭСтердин каскадын куруу долбоорун баштап жатабыз. Бул тарыхый окуя Россиянын Президенти Владимир Владимирович Путиндин колдоосу менен ишке ашты.  Кыргызстанга жардам кылып, биздин ири энергетикалык долбоорубузду колдоп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу мекендештер!

Келечекте ушул Жогорку-Нарын ГЭСтердин каскады республикабыздын өркүндөп-өсүшүнө жакшы кызмат өтөсүн деп тилек кылалы.

Элибиздин жакшылыкка болгон үмүтү, ишеними акталсын! Сөздөн ишке өтчү мезгил келди.

Баарыңыздарга чын ден-соолук, бакыт, күч-кубатты каалаймын! Кудай элибизди, жерибизди колдосун!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат.”

2012-жыл 27-октябрь