Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды максаты – мамлекеттик мүлктү башкаруу  боюнча саясатты иштеп чыгуудагы жана мамлекеттик мүлктү башкаруудагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын  тактап-чектөө.

Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 13-ноябрь