Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасы кызматынан четтетилди

Бүгүн, 2012-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

    1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына макулдук бергендигине байланыштуу Исраилов Автандил Жапарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин.

    2. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 14-ноябрь