Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кинематография кызматкерлерин Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 17-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кинематография кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу кинематография кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм! Бул майрам ар бирибиз үчүн өзгөчө, анткени кино эч кимди  кайдыгер калтырбайт.

Улуттук маданиятыбыздын бир бөлүгү болгон кыргыз   киносунун тушоосу татаал согуш жылдарында кесилген. Согуштан кийин  Кыргызстанга Москванын жана Ленинграддын киночеберлери келип, кыргыз кинематографиясынын улуттук кадрларын калыптандырууга көмөктөшкөн. Ондогон жылдар бою жаңы муун калыптанып, такшалуудан өттү.

Андан кийинки 60-чы жылдар – чоң кинонун мезгили. Ал учурда эл аралык кинематографияда “кыргыз керемети” тууралуу кеп кыла баштаган. Кыргыз кинолору Бүткүлсоюздук жана эл аралык фестивалдардагы эң башкы байгелерди жеңип, көпчүлүктүн урматтоосуна ээ болду. Мурда белгисиз кыргыз киносунун мындай бийиктикке жеткенине Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана кыргыз элинин нукура улуттук рухун боюна сиңирип алган таланттуу жаштар өбөлгө түздү.

Мелис Убукеевдин “Татаал ашуу”, Болот Шамшиевдин “Караш-караш окуясы”, Геннадий Базаровдун “Саманчынын жолу”, Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” фильмдери  аркылуу кыргыз кинематографисттери дүйнө менен теңата сүйлөшө баштады. Дүйнөгө таанымал болушу кыргыз киносунун демине дем кошуп, өнүгүшүнө катуу түрткү берди.

Жетимишинчи жылдары кыргыз кинематографиясындагы  маанилүү  окуя – “Кыргызтелефильм” түзүлдү.           

Дүйнө экрандарына  Болот Шамшиевдин “Ак кеме”, “Эрте жаздагы каркыралар”, Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма”, “Ак илбирстин тукуму” жана башка тасмалар чыкты. Планетанын бардык континенттеринин миллиондогон көрүүчүлөрү кыргыз элинин рухий дүйнөсүнө көз салып жатты.

Бүгүн биз кыргыз кинематографисттери совет доорунда  бардык идеологиялык тоскоолдуктарга  карабастан, көз карандысыз Кыргызстандын калыптанышына зор салым кошкон деп айта алабыз. Кыргыз кинематографы дүйнөгө өлкөнүн, элибиздин кайталангыс жүзүн  толук ачып берүүгө жетише алды.

Бүгүн кыргыз киносу кайрадан жаралууда. Өткөөл мезгилдин катаал сыноолоруна туруштук берип, көпчүлүк киночеберлер кесипти улантып келдиңиздер. Сиздердин  эмгегиңердин аркасында  кыргыз кинематографиясында келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштардын мууну калыптана баштады.

Ардактуу достор!

Тагдыр бизге өлкөбүздү сактап калууга, гүлдөгөн, адилеттүү жана эгемен мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Чынчылдык жана калыстыкты орнотуп, эмгек адамы жана чыгармачыл инсандар жогору бааланган мамлекет курууга шарт түзүлдү. “Кыргыз кереметинин” кайрадан жаралышына карата элибиздин  үмүтүн акташ үчүн, өлкөнүн  жаркын келечеги жана болочок муун үчүн мына ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышыбыз керек.

Дагы бир ирет Кыргыз киносунун күнү менен куттуктап, сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Кыргыз Республикасынын
Президенти                                                                                       Алмазбек Атамбаев”

2012-жыл 17-ноябрь