Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам кызмат адамдарынын, жарандардын, юридикалык жактардын жер тилкелерин максатына ылайык пайдалануу, ошондой эле бардык категориядагы жерлерди жана кен байлыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык рационалдуу пайдалануунун жана өздөштүрүүнүн белгиленген режимин сактоосун камсыз кылууга багытталган.

Кабыл алынган Мыйзам менен кен байлыктар жөнүндө жана жер мыйзамдарын бузуу үчүн администрациялык жоопкерчилик күчөтүлөт. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөр киргизилет. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 11- жана 12-главаларында көрсөтүлгөн кен байлыктарга карата мамлекеттик менчик укугуна жана жерге менчик укугуна карата администрациялык укук бузуулар үчүн айып акылар көйбөйтүлдү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 19-ноябрь