Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев прокуратуранын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев прокуратуранын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
 
Прокуратура – инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргогон маанилүү мамлекеттик институт. Коомубуздагы мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышынын кепили.

 Кыргызстандыктар сиздерден принципиалдуулукту жана  жарандык  жогорку жоопкерчиликти күтөт. Өлкөдө мыйзамдардын так сакталышын камсыз кылуу, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугу, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин коргоо сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө жана ишиңиздерге чындап берилгендигиңиздерге байланыштуу болот.

Прокуратура органдарынын  мыйзамга негизденген так ишмердиги гана  укуктук мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кыла алат.

Сиздердин кесиптик майрам күнү өлкөдө  мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин чыңдалышына кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Бардыгыңыздарга чын ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай жана мыйзамга кызмат кылуудагы жооптуу ишиңерге ийгилик каалайм.


Кыргыз Республикасынын               
Президенти                                                                                                  Алмазбек Атамбаев”

2012-жыл 22-ноябрь