Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Шамиль Атахановдун жана УКМКнын төрагасы Бейшенбай Жунусовдун ант берүү аземине катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Шамиль Атахановдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бейшенбай Жунусовдун ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысынын 2012-жылдын 29-октябрындагы Жарлыгы менен  Бейшенбай Жунусов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

Ѳлкѳ Президентинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы Жарлыгына ылайык, Шамиль Атаханов Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалган.

2012-жыл 22-ноябрь