Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүү ратификацияланды

Бүгүн, 2012-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, «2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнүн күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгына билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 22-ноябрь