Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 23-ноябрында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыш мезгилинде калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Тактап айтканда, А. Калмамбетов мамлекет башчысына калкты күз-кыш мезгилинде электр энергиясы  менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча энергетиктердин көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди. Талдоо көрсөткөндөй, быйылкы жылы электр энергиясын пайдалануунун өсүшү 15% түздү. Ушуга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында калкты электр менен камсыз кылууна жакшыртууга өбөлгө түзчү трансформаторлорду алмаштыруу  иштери жүрүп жатат. 10 күндүн аралыгында 110-220 кВттык кыйла кубаттуу трансформаторлорду орнотуу иштери аяктап, республикабыздын ири шаарларынын калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иши кыйла жакшырат. Ошону менен бирге министр, “Датка-Кемин” жогорку вольттуу электр линиялары  пайдаланууга  берилгенде, эки жылдан соң бул маселени түп-тамырынан бери чечүүгө жетишүүгө болоорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине өлкөнүн калкын электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тиешелүү бардык чаралар көрүлсүн деген тапшырма берип, энергетиктер өткөн жылдын кышында кетирген кемчиликтерди кайталабоо керектигин баса белгиледи.

2012-жыл 23-ноябрь