Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта төмөнкүдөй айтылат:

“Кыргыз Республикасынын алдында турган маселелер узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын, ошондой эле экономикалык, идеологиялык, социалдык чөйрөлөрдө, мамлекеттик түзүлүш, коопсуздук жана тышкы саясат маселелеринде ачык-айкын чараларды жана максаттуу багыттарды белгилөө менен жакынкы беш жылга «жол картасын» иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну талап кылат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин чегинде улуттук коопсуздук, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, этностор аралык, региондор аралык, диний маселелерди чечүү, мамлекеттик башкаруу жана натыйжалуу мамлекеттик кызматтын ишке жөндөмдүү системасын түзүү чөйрөсүндө стратегиялык документтерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга киришти.

Ошону менен бирге азыркы дүйнөдө Кыргыз Республикасынын ордун жана ролун аныктоо, өлкөбүздүн чыныгы көз карандысыздыкка жетишүүсү, улуттук коопсуздукту чыңдоо анын бардык аспекттеринде, биринчи кезекте экономиканын абалына жараша болот.

Мурдагы СССРдин көп башка республикаларынан айырмаланып, Кыргыз Республикасы 20 жылдын ичинде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун таба алган жок. Эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, 2009-жылы эле Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң кедей мамлекет деп таанылган. Калктын 35 пайызы – 1 млн. 829 миң киши кедейликтин чегинен төмөн жашайт, жумушсуздуктун деңгээли 18 пайыздан ашып кеткен.

Көптөгөн эл аралык эксперттер жана байкоочулар биздин өлкөнү мурдагыдай эле «аракетке жөндөмсүз» мамлекеттердин катарына кошот жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине күмөн санайт.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтары боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соодага тартылуу рейтингинде 110-111-орундарды ээлеген. Экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүк индексине ылайык Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 187 өлкөсүнүн ичинен 126-орунда турат. Тартылган инвестициялардын көлөмү өлкөнүн керектөөлөрүн жаппайт.

Мурдагы СССРдин соңку жетекчилигинин экономикалык факторду жеткире баалабагандыгы жана терең ойлонбостон саясый реформаларга артыкчылык берүүсү, өз кезегинде өлкөнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын бүлүнүшүнө жана Советтер Союзунун ыдырашына алып келген.

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабы парламенттик демократиянын торолушу менен байланышкан жана объективдүү себептер боюнча аткаруу бийлик органдарынын туруксуздугу жана тез-тез алмашуу тобокели менен мүнөздөлөт.

Өнүгүүнүн жеке кыргызстандык стратегиялык долбоорунун жоктугунан улам өлкөнүн мүмкүн болуучу тышкы процесстердин терс таасирлерине көз карандылыгы дале жогору бойдон калып жатат.

Коом менен бизнеске орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөткөн стратегиялык мамлекеттик расмий документтин актуалдуулугу жана керектүүлүгү барган сайын айдан ачык болуп баратат.

Бул милдетти сапаттуу жүзөгө ашыруу атайын координациялык орган болгондо гана мүмкүн, ал узак мөөнөттүү негизде мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын, жеке сектордун жана жарандык коомдун күч-аракетин бириктире алаар эле.

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабында экономикалык маселелерди чечүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо милдеттери менен тыгыз байланыштуу экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти кабыл алууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бул багытта мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракетин координациялоо максатында Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп катчылык санала тургандыгы аныкталсын, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөѳ Жарлыкта белгиленген.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет".

Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы

Атамбаев
Алмазбек Шаршенович    –    Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;

Улуттук кеңештин мүчөлөрү:

Жээнбеков
Асилбек Шарипович    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сатыбалдиев
Жантөрө Жолдошевич    –    Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
(макулдашуу боюнча);

Жамашева
Феруза Зулумбековна    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы (макулдашуу боюнча);

Нарымбаев
Данияр Ильич    –    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

Оторбаев
Жоомарт Каипович    –    Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Абдылдаев
Мыктыбек Юсупович    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Турсунбеков
Чыныбай Акунович    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Кулов
Феликс Шаршенбаевич    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ар-Намыс» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Сулайманов
Алтынбек Турдубаевич    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Текебаев
Өмүрбек Чиркешович    –    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Ибраимов
Албек Сабирбекович    –    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;

Асанкожоева
Зина Мукаевна    –    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрайымы;

Сариев
Темир Аргембаевич    –    Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Лаврова
Ольга Владимировна    –    Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Ахметова
Нурсулу Меирбековна    –    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Жунушалиев
Мелис Турусбекович    –    Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институтунун директору;

Койчуманов
Талайбек Жумашевич    –    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин катчысы;

Гвенетадзе
Коба                                          –    Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);

Аванесов
Александр Николаевич    –    Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);

Тунгатаров Актилек Кырманчиевич    –    Кыргызстан Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Шаиков
Замир Мамытбекович    –    Кыргызстан ишкерлер Союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

2012-жыл 24-ноябрь