Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эмгек кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Эмгек кодексинин жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жана орун алган айрым карама-каршылыктарды жоюу  болуп саналат.

Ошондой эле иш берүүчүнүн калкты жумуш  менен камсыз кылуу  боюнча мамлекеттик кызматына эмгек шарттарын жана акысын көрсөтүү менен бош орундардын бар экендиги жөнүндө маалыматты берүү милдети киргизилди, жумушсуз туруп калуу мезгилин чектөө жөнүндө жобо алынып салынды жана ошондой эле кызматтан бошогондон кийин калкты жумуш   менен камсыз кылуу боюнча  мамлекеттик кызматында жумуш издеген адам катары катталуу үчүн мѳѳнѳт 10 календарлык күндѳн 10 иш күнүнѳ чейин узартылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 26-ноябрь