Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштонду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштонду  кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кызматташуу  маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө: “Акыркы 20 жылдын аралыгында Европа союзу тарабынан бизге көп колдоо көрсөтүлдү. Мындай колдоо үчүн биз сиздерге абдан ыраазыбыз”, - деп белгиледи.

Өз кезегинде Кэтрин Эштон мындай деди: “Мен Сизге бүгүнкү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн кызматташуу үчүн жемиштүү күн болду. Европа союзунун Борбордук Азия боюнча стратегиясы жаңыланууда. Менин оюмча 5 жылга артка кылчайып карап, анан Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда эмнеге жетиштик деп алдыга караган оң. Бул жагдай Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуусу үчүн абдан чоң мааниге ээ”.

Кэтрин Эштон Европа союзу мындан нары да Кыргызстанга демократиялык коомду түзүүдө жана экономикалык өнүгүүдө колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

2012-жыл 27-ноябрь