Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамлекеттик катчысынын саясый маселелер боюнча орун басары Уэнди Шерманды кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 30-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШ Мамлекеттик катчысынын саясый маселелер боюнча орун басары Уэнди Шерманды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасы  менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

“Мен сиз менен жолугушууга абдан кубанычтамын. АКШ мындан 20 жыл мурда алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын  тааныган.  Биз Кыргызстан менен АКШнын конструктивдүү кызматташуусун жогору баалайбыз” - деди Алмазбек Атамбаев.

Ѳз кезегинде Уэнди Шерман: “Сиз өлкөнүн Президенти катары иштегениңизге  бир жыл  болгондо келгениме  мен абдан кубанычтамын.  Биз сиздин мыйзамдуулукту чыңдоо, сот реформасын илгерилетүү, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү, улуттар аралык ынтымакты арттыруу боюнча  жакшы аракеттериңизди жогору баалайбыз”, - деп белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен АКШ ортосундагы мамилелер жакшы нукта өнүгүп    бара  жаткандыгын белгилешти.

2012-жыл 30-ноябрь