Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 30-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 18-октябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамга “Турмуш-тиричилик абоненттери үчүн электр жана жылуулук энергиясынын счетчиктери (жеке эсептөөчү приборлор) энергия менен жабдуучу уюмдардын каражаттарынын эсебинен  сатылып алынат, орнотулат жана эксплуатацияланат” деген толуктоо киргизилет.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, ”турмуш-тиричилик абоненти”  - бул өзүнүн турмуш-тиричилик керектөөлөрү үчүн  электр менен камсыздоо боюнча келишимдин негизинде  электр энергиясын пайдаланган жаран”.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 30-ноябрь