Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевди Казакстандын эгемендик күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 15-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын эгемендик күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп жазылган:

“Урматтуу Нурсултан Абишевич,

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Казакстан Республикасынын эгемендик күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, эң ысык каалоо-тилектерди жөнөтөмүн.

Өткөн жылдар ичинде Казакстандын эли мамлекеттүүлүктү чыңдоодо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө айтарлык ийгиликтерге жетти. Казакстандын интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө алган ырааттуу багыты Евразия мейкиндигинде татыктуу таанылды, Казакстандын тышкы саясый демилгелери ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат. Казакстан Республикасынын ОБСЕ, ШОС, ОИС, ОДКБ сыяктуу эл аралык уюмдарда ийгиликтүү төрагалыгы анын жогорку эл аралык кадыр-баркын күбөлөп турат. 

Биздин Бишкектеги август жолугушуубузду жылуу маанайда эстеймин. Анда өз ара түшүнүшүү жана ишеним менен Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан аркы чыңдоо боюнча биз негизги макулдашууларга жетишкенбиз.

Мүмкүндүктөн пайдаланып, Сизге, урматтуу Нурсултан Абишевич, чың ден соолук жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңиздеги ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине - бакубаттык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

2012-жыл 15-декабрь